07.09.2018 10:48

 «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери аялды өлтүрө сүзгөн учуру. Россия бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду

 «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери аялды өлтүрө сүзгөн учуру. Россия бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду

Россия Федерациясынын аскер прокуратурасы «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери аялды өлтүрө сүзгөн факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Vesti.kg порталына Чүй облустук прокуратурасынан билдиришкен.

«Автокырсык боюнча кылмыш иш учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Андан сырткары, РФ Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши  козголду.  Жол кырсыгынын күнөөкөрү дипломат макамына жана иммунитетке ээ болгондуктан, териштирүү иштерин ким жүргүзөөрү чечилип жатат», -деп билдиришкен облпрокуратурадан.

Эскерте кетсек, 27-августта россиялык аскер кызматкери жолдон өьтүп бараткан эне-баланы коюп кетип, аял ошол жерден жан берген. Бала оор абалда ооруканага жаткырылган.